КАРДИОСКЛЕРОЗ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРДИОСКЛЕРО́З</b> (<i>кардио...</i> ж-а <i>склероз</i>) – жүрөк-кан тамыр | <b type='title'>КАРДИОСКЛЕРО́З</b> (<i>кардио...</i> ж-а <i>склероз</i>) – жүрөк-кан тамыр ''атеросклероз''унда жүрөктун кан м-н жетишсиздигинде ж-а сезгенгенде жүрөк булчуңунун туташтырма тканынын өсүп кетишинен болгон оору. Демейде жүрөктүн кан­дайдыр бир өнөкөт же катуу кармаган оорула­рынан келип чыгат. Ага көбүнчө инфекция –аллергиялык, вирустук ж-а бактериялык мио­кардиттин кабылдоосунан болгон жүрөктүн таа­жыча артериясынын атеросклерозу себеп болот. Анын алгачкы ж-а негизги белгилери: адегенде кара күч жумшаганда, кийинчерээк тынч абал­да да демигүүнүн пайда болушу; кийин оорулуу­нун тамыры тез кагат, буту шишийт, боору чо­ңоёт, өпкө кан тамырларында кан жай жүрүп, дем кыстыгат; жүрөк чоңоёт, жүрөк капкала­рынын туташтырма ткандары өсүп, <i>жүрөк кем­тигине</i> алып келет. Дарылоодо жүрөк булчу­ңун кан м-н жабдууну жакшыртуу үчүн кан тамыр кеңейтүүчү дарылар, жүрөктүн начарла­шын (жетишсиздигин) жакшыртуучу, кагуу ыргагын оңдоочу каражаттар колдонулат. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:14, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРДИОСКЛЕРО́З (кардио... ж-а склероз) – жүрөк-кан тамыр атеросклерозунда жүрөктун кан м-н жетишсиздигинде ж-а сезгенгенде жүрөк булчуңунун туташтырма тканынын өсүп кетишинен болгон оору. Демейде жүрөктүн кандайдыр бир өнөкөт же катуу кармаган ооруларынан келип чыгат. Ага көбүнчө инфекция –аллергиялык, вирустук ж-а бактериялык миокардиттин кабылдоосунан болгон жүрөктүн таажыча артериясынын атеросклерозу себеп болот. Анын алгачкы ж-а негизги белгилери: адегенде кара күч жумшаганда, кийинчерээк тынч абалда да демигүүнүн пайда болушу; кийин оорулуунун тамыры тез кагат, буту шишийт, боору чоңоёт, өпкө кан тамырларында кан жай жүрүп, дем кыстыгат; жүрөк чоңоёт, жүрөк капкаларынын туташтырма ткандары өсүп, жүрөк кемтигине алып келет. Дарылоодо жүрөк булчуңун кан м-н жабдууну жакшыртуу үчүн кан тамыр кеңейтүүчү дарылар, жүрөктүн начарлашын (жетишсиздигин) жакшыртуучу, кагуу ыргагын оңдоочу каражаттар колдонулат.