КИРОВ (Ысык-Ата районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

07:36, 4 Март (Жалган куран) 2026 -деги абалы

КИ́РОВ – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Ак-Кудук айыл округуна караштуу. Кыргызстан машина сыноочу станциясынын айма­гында, деңиз деңгээлинен 697 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети. Кант шаарынан 6 км түндүк тарапта. Кыштак 1927-жылы негиздел­ген. Калкы 1681 (2007); негизинен дыйкан чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, медициналык пункт бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү жана башкалар иштейт. Советтик коомдук ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.