КАРАГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРАГАТ</b> (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак&shy;тар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 <i>м</i>. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, кыч&shy;кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө&shy;лөрүндө жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун&shy;да көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары –кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),
<b type='title'>КАРАГАТ</b> (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак&shy;тар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 <i>м</i>. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө,   даамы кыч&shy;кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө&shy;лөрүндө карагатттын жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун&shy;да көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары – кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),


[[File:КАРАГАТ5.png | thumb | Кызыл карагат.]]
[[File:КАРАГАТ5.png | thumb | Кызыл карагат.]]

05:52, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак­тар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, даамы кыч­кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө карагатттын жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун­да көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары – кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),

Кызыл карагат.

сары карагат (R. aureum Purch.). Кыргызстанда негизи­нен кара ж-а кызыл карагат өстүрүлөт. К а р а карагат мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% кислота­лар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азот­туу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг% ке чейин Р витамини, ошондой эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. Карагаттын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө карагаттын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл карагаттын мөмөсүндө 4–10% кант, 2–4%и лимон кислотасы, С витамини (30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, ошондой эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: карагат таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдет­тери: антракноз, дат ж. б.

Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.