КИБАЛЬНИКОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КИБАЛЬНИКОВ to КИБАЛЬНИКОВ Александр Павлович) |
(Айырма жок)
| |
09:15, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИБА́ЛЬНИКОВ Александр Павлович [9 (22). 8. 1912, Саратов губерниясы, Орехово кыштагы – 5. 9. 1987, Москва шаары)] – советтик айкелчи, СССР эл сүрөтчүсү (1963). СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1954). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1949, 1951), Лениндик сыйлыктын (1959) лауреаты. 1963–1966-жылдары РСФСР сүрөтчүлөр союзунун Москвадагы башкаруу бөлүмүнө төрага. Монументалист, портретчи.

А. Кибальниковдун чыгармаларына психологизм мүнөздүү. Негизги чыгармалары: Н. Г. Чернышевскийдин (коло, 1948; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949). В. В. Маяковскийдин (коло, 1954), П. М. Третьяковдун (мармар, 1962) портреттери (баары Третьяков галереясында); Н. Г. Чернышевскийдин Саратовдогу (коло, гранит, 1953), В. В. Маяковский Москвадагы (коло, гранит, 1958) эстеликтери жана Бресттеги «Брест баатыр-чеп» мемориалдык комплекси (айкелчи А. О. Бембель, архитектор В. А. Король менен бирге, 1971). Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Ад.: А. Кибальников. Альбом / сост. И. Т. Бирюкова.
М., 1982.