КЕРИМБЕКОВ Күлчоро: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

08:03, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРИМБЕКОВ Күлчоро (22. 12. 1922, азыркы Чүй облусу, Жайыл району, Кум-Арык айылы – 26. 5. 1989, Фрунзе) – живопис­чи, Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1982).

,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Самаркандда­гы көркөм сүрөт окуу жа­йын (1947), И. Е. Репин атындагы Санкт-Петербург живопись,айкел жана архитектура институ­тун (1953) бүтүп, Фрунзеде­ги С. Чуйков атындагы көркөм

сүрөт окуу жайында окутуучу болгон. К. Керимбеков пейзаж­да, жанрдык картинада, портретте иштеген. Ка­мералык, лирикалык жана индустриялык пейзаж­ды («Ысык-Көл кечи», «Токтогул гидроэлектр станциясынын ку­рулушу», «Чоң бетон заводу», «Бадам гүлдөдү», «Палангадагы күз», «Неман дайрасы» жана башкалар) өнүк­түргөн. «Жылкычы Алымкул», «Балыкчылар», «Кыргызстандын жүзү» тематика­лык картиналар сериялары, А. Үсөн­баев, академик С. Табышалиев, К. Молдобасанов, С. Ногоеванын портреттери Кыргыз

К. Керимбеков. «Ток­тогулгидроэлектр станциясынын ку­рулушу». 1972.

мамлекеттик көркөм сүрөт жана Москва, Санкт-Пе­тербург, Алматынын музейлеринде сакталуу. Ал көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. Кызыл жылдыз ордени жана ме­далдар менен сыйланган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген (2000).