КАРА-СУУ (Кара-Буура районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:55, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-СУУ – Талас облусунун Кара-Буура районун­дагы кыштак. Бейшеке айыл округуна ка­раштуу. Кара-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кы­зыл-Адыр кыштагынан 8 км. Маймак темир жол бекети­нен 65 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2716 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алекте­нип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Мончо, ФАП, тегирмен иштейт.