КИТЕП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИТЕП (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, мад-т, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылай-

дан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча м-н өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, К. жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Грекия м-н Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда (б. з. ч. 2-к.) жаңы жазуу материалы катары – айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус м-н пергамент өтө кымбат болгондуктан, Байыркы Грекия м-н Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча м-н жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми о. кылымдарда К-ти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол м-н жазышкан. Барактары бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме м-н капташкан. Азыркы биз билген К-тин алгачкы формалары мына ушинтип пайда болгон. Бирок анын белгилүү 2 негизги тарыхый түрү бар: биринчиси – түрмөк (б. з. ч. 4–3-миң жылдыктар), кийин ал 2–4-к-дан кодекс м-н алмашылган. К. даярдоо б. з. ч. 7-к-да Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-ж. кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы К. 11-к-да Кытайда пайда болгон. 13-к-дан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, 15-к-дан К. басылып чыга баштаган. Орустун байыркы кол жазма К-и 11-к-га таандык («Остромиров инжили», 1073, 1092 ж. б.). Кол жазма доорунда К. каллигр. өзгөчө сулуулугу м-н бааланып, К. басып чыгарууну көбөйтүүгө көңүл бурулган. 15-к-дын 40-жылдары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гутенберг (Германия) эң жөнөкөй станок м-н К. чыгаргандан кийин К. тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу Библияны полигр. жол м-н басса, оюм-чийимди К-ке П. Шеффер (1457) биринчи түшүргөн. 1461-ж. А. Пфистер (Бамбергле) К-ти тактайга оюлган сүрөт м-н көркөмдөп, 15-к-дын 70–80-жылдары Э. Ратдольт (Венеция) К. басуу ишинде түрдүү боёк колдонгон. 15–16- к-да басмаканачылар үнөмдүү, кооз, окууга эптүү ариптерди издей баштаган (к. Арип). Россияда К. басууга И. Фёдоров ж-а П. Мстиславец биринчи жол ачып, 1564-ж. «Апостол» деген К-ти басып чыгарышкан. Орус К-ин басып чыгарууда агартуучу Н. И. Новиковдун (1744–1818) үлүшү чоң. 18-к-дын акырында кагаз машинасы, 19-к-дын башында басма машина, 2-жарымынан терип басуу машинасы колдонулган. Бийиктиги бир жарым метрге жеткен, бир адам көтөрө алгыс өтө чоң ж-а эң кичинекей «эргежээл» ж-а почта маркасындай болгон К-тер да бар. 20-к-дын башынан фототехниканын колдонулушу м-н К. басып чыгарууну механикалаштыруу кыйла өркүндөгөн. Тех. прогресс К-тин формасын ж-а таратуу жолдорун өзгөрттү: Интернетке жайгаштырылган ж-а компьютердин эсинде сакталуучу санариптүү К. фонддору пайда болду. Электрондук форматта жазылган К. электрондук К. (же е-китеп), ал эми аудиоформаттагысы аудиокитеп деп аталат. Учурда