КИНОФИЛЬМ ЧЫГАРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – тартылган кинофильмдин к өчүрмө лөрүн масс алык т үрдө көбөйтүү процесси. Азыркы К. ч. – адабий чыглык иш ж-а татаал процесс. Ага ар түрдүү адистеги кызматкерлер катышып, иск-вонун көп түрлөрү – ад-т, музыка, живопись, арх-ра ж. б. пайдаланылат. К. ч-нун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кинофильмди элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу ж-а бири-бирине байланыштуу чыгармачыл ж-а тех. этаптардан түзүлөт. К. ч-нун бүткүл стадиясы негизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү ж-а өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги фильмдин так долбоору түзүлүп, уюштуруу-чыг-лык ж-а тех. иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын ж-а кийимдердин эскиздери жасалат, фильм тартууга орун ж-а ролдорду аткаруучу актёрлор тандалат; фильм тартуунун календардык планы ж-а чыгымдардын сметасы түзүлөт. Ө н д ү р ү ш мезгили фильм тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор м-н репетиция өткөрүү, керектүү декорацияларды куруу, мебелди, реквизитти, кийме чачты ж. б. даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл процесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо ж-а киностудия аянтында, киноэкспедицияда тартуу ж-а айкалыштырып тартуу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги м-н кадрлардын мыктысы тандалып алынып кураштырылат. Анда фильмдин сүрөтү м-н үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү м-н үндүн угулушу бири-бири м-н туура келтирилет. Кинофильм толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү м-н фонограммасы бекилгенден кийин фильмдин негативи кураштырылат. Фильмдин негативи фильмдин көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот.