КИНОФИЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНОФИ́ЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ – кинофильм­деги сөз, музыка ж. б. түрдүү үндөрдү жазып алуу процесси. К. ү-дө үндөр кинофильмдин сүрөтүнө дал келтирилип, фильм тартылгандан кийин ж-а тартылардан мурда жазылат. Үндү сүрөткө удаалаш дал келтирип жазуу процес­синде кино тартуучу ж-а үн жазуучу аппарат­тар экөө тең бир электрметр аркылуу кыймыл­га келтирилет. Үн режимдин командасы аркы­луу жазыла баштайт да, тартылуучу дублдин (пландын) баш жагына ж-а жазылуучу магнит тасмасына бир убакта белги коюлат. Мында жазылган үн актёрдун эрин кыбырашына дал келиши керек. Фильм тартылып бүткөндөн кийин үндөштүрүүдө тартылып бүткөн ж-а ку­раштырылган «жумушчу» позитив экранга түшүрүлөт да, аны карап турган актёрлор кый­мылга жараша текстти дал келтирип сүйлөйт. Ал сөздөр магнит тасмасына жазылат. Бул ме­тод синхрондоп сүрөткө удаалаш дал келтирип жазууга мүмкүн болбогон жерлерде колдонулат. Ушул ыкма м-н кинофильм башка тилге да которулат. Кээде кинофильмдин сөздөрү же үндөрү тартыла электе эле жазылып алынат да, кийин павильондордо ошол чыгарылган үнгө карата актёр өз ролун аткарат. Чыг-лык жак­тан жакшы кадрлардан фильмдин «жумушчу» позитиви түзүлөт. Магнит тасмасына жазылган фонограммалар да кураштырылат. «Жумушчу» позитив экранга көрсөтүлүп, ага дал келтири­лип фонограммалары угузулат да, бардыгы бир


магнит тасмасына түшүрүлөт. Кайталанып жа­зылгандан кийинки магнит тасмасы (магнит оригиналы) башка фотогр. тасмага көчүрүлөт. Лабор-ялык иштетүүлөрдөн кийин кинофильм­дин негизги фотогр. фонограммасы алынат.