КИНОТАСМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИНОТАСМА , киноплёнка – бир нече катмарлуу, эки чети тепчилме тешик ж-а жарык сезгич, ийилчээк тасма түрүндөгү материал. Ал – кино тартууда ж-а кинофильмдердин көчүрмө-

лөрүн басуудагы эң негизги кар ажат . Плёнканын чийки заты – кебез. Плёнка чыгаруучу хим. з-дордо кебез мех. аралашмалардан бөлүнүп, майы чыгарылып, агартылып таза жуулат. Ал уксус к-тасына аралаштырылып, ацетилцеллюлоза алынат. Ага ацетон кошулуп, коюу аралашма түзүлөт. Буга пластификатор заттарын (камфара, диэтилфталат, трифенилфосфат ж. б.) кошкондо ийилчээк касиетке ээ болот. Коюу аралашма атайын машиналарга куюлуп, андан К-нын негизи алынат. Негиздин үстүнө атайын жасалган аралашмалар (эмульсия, ортоңку ж-а
сырткы катмарлардын аралашмалары) машиналар м-н куюлат. Ортоңку катмар плёнканын негизи м-н эмульсияны (жарыкты сезүүчү катмарды) тыгыз бириктирип, сырткы катмар плёнканы буралуудан сактайт. Плёнканын эң негизгиси – эмульсия катмары. Эмульсия таза желатинден алынат. Плёнкалар түстүү ж-а түссүз болуп бөлүнөт: биринчисине ДС-5М, ЛН-7, экинчисине КН-1, КН-2, КН-3, КН-4 плёнкалары кирет, к. Кинотехника.