КИНОСТУДИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНОСТУ́ДИЯ – </b> | <b type='title'>КИНОСТУ́ДИЯ – </b>кино тасма чыгаруучу меке­ме. Киностудияда сценарий даярдоодон тартылган тасманы бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, даректүү, илимий-популярдуу, окуу тасмаларын жанаа мультипли­кациялык кино картиналарды чыгаруучу киностудиялар бар. Киностудиядагы кино тартуучу топ негизги өндү­рүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Даректүү тасмалрдын киностудиясы тасманын өзгөчөлүгүнө жа­раша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мульт­фильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар менен бир жана көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү киностудиялар: «Юнайтед ар­тистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Ко­ламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы Америка Кошмо Штаттарында), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Лен­фильм» (экөө тең Россияда), ошондой эле к. <i type='ref'>«Кыргыз­фильм».</i> | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
09:15, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИНОСТУ́ДИЯ – кино тасма чыгаруучу мекеме. Киностудияда сценарий даярдоодон тартылган тасманы бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, даректүү, илимий-популярдуу, окуу тасмаларын жанаа мультипликациялык кино картиналарды чыгаруучу киностудиялар бар. Киностудиядагы кино тартуучу топ негизги өндүрүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Даректүү тасмалрдын киностудиясы тасманын өзгөчөлүгүнө жараша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мультфильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар менен бир жана көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү киностудиялар: «Юнайтед артистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Коламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы Америка Кошмо Штаттарында), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Ленфильм» (экөө тең Россияда), ошондой эле к. «Кыргызфильм».