КИНО ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́НО ИСКУССТВОСУ – </b>көркөм чыгармачы­лыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык | <b type='title'>КИ́НО ИСКУССТВОСУ – </b>көркөм чыгармачы­лыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык адабият менен театрдын, сүрөт өнөрүнүн музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон жана өнүккөн синтездүү искусство. Искусствонун башка түр­лөрүндөй эле кино искусствосу да турмуш чындыгын чагыл­дырат. Жаңы тасманы жаратууда кинодрама­тург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, ком­позитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкар­ган техника адистери катышат. Кино искусствосу негизинен көр­көм тасма, <i>даректүү кино, мультипликация­лык тасма</i> жана илимий-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Тасма чыгаруу жана аны көрүүчүлөргө тартуулоо – чыгармачылык жана уюштуруу ишин та­лап кылган татаал процесс. Кино искусствосунун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Б и­ р и н ч и мезгил бир тууган Луи Жан жана Огюст Луи Люмьер­лер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914–1918) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгач­кы тасмаларда окуя бир жерде тартылып, ак­тёрлор театр техникасын, адабият менен театр таж­рыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. Кино искусствосунун алгачкы өнүгүшүнө режиссёрлор Ж. Ме­льес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. <i>Чаплин</i> (Америка Кошмо Штаттары) чоң салым кошкон. Э к и н ч и мезгил. 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусст­во катары калыптанган. Хроникалуу даректүү тасма менен тарыхый революциялык монтаждуу тасма чыгарылган. Ү ч ү н ч ү мезгил 1930–1940-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кино тасма­га үн жазуу техникасы киргизилген. <i>Кино драма­тургия</i> өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёр­лордун чыгармачылыгына кеңири жол ачкан. Т ө р­ т ү н ч ү мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин кинонун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кино техниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен көркөм кара­жаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу жана панорамалуу тасмалар пайда болгон. Кең экрандуу тасмаларда стерео үн кол­донулат. Тасма, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сцена­рист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм тасмада актёрлор, ошондой эле бир катар чыгармачылык, техникалык жана администрациялык кызматкерлер катышат. Чыгармачылык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кыргызстанда кино тартуу 1942-жылы башталган, к. <i>«Кыргызфильм».</i> | ||
өнүккөн синтездүү | |||
тартуулоо – | |||
тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш ( | |||
жылдарды камтыйт. Бул мезгилде | |||
Ад.: Первый век кино. М., 1996; <i>Зоркая Н. М.</i> Ис­тория советского кино. М., 2005. | Ад.: Первый век кино. М., 1996; <i>Зоркая Н. М.</i> Ис­тория советского кино. М., 2005. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:24, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́НО ИСКУССТВОСУ – көркөм чыгармачылыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык адабият менен театрдын, сүрөт өнөрүнүн музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон жана өнүккөн синтездүү искусство. Искусствонун башка түрлөрүндөй эле кино искусствосу да турмуш чындыгын чагылдырат. Жаңы тасманы жаратууда кинодраматург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, композитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкарган техника адистери катышат. Кино искусствосу негизинен көркөм тасма, даректүү кино, мультипликациялык тасма жана илимий-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Тасма чыгаруу жана аны көрүүчүлөргө тартуулоо – чыгармачылык жана уюштуруу ишин талап кылган татаал процесс. Кино искусствосунун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Б и р и н ч и мезгил бир тууган Луи Жан жана Огюст Луи Люмьерлер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914–1918) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгачкы тасмаларда окуя бир жерде тартылып, актёрлор театр техникасын, адабият менен театр тажрыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. Кино искусствосунун алгачкы өнүгүшүнө режиссёрлор Ж. Мельес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. Чаплин (Америка Кошмо Штаттары) чоң салым кошкон. Э к и н ч и мезгил. 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусство катары калыптанган. Хроникалуу даректүү тасма менен тарыхый революциялык монтаждуу тасма чыгарылган. Ү ч ү н ч ү мезгил 1930–1940-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кино тасмага үн жазуу техникасы киргизилген. Кино драматургия өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёрлордун чыгармачылыгына кеңири жол ачкан. Т ө р т ү н ч ү мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин кинонун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кино техниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен көркөм каражаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу жана панорамалуу тасмалар пайда болгон. Кең экрандуу тасмаларда стерео үн колдонулат. Тасма, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сценарист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм тасмада актёрлор, ошондой эле бир катар чыгармачылык, техникалык жана администрациялык кызматкерлер катышат. Чыгармачылык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кыргызстанда кино тартуу 1942-жылы башталган, к. «Кыргызфильм».
Ад.: Первый век кино. М., 1996; Зоркая Н. М. История советского кино. М., 2005.