КИНДИК ЭНЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес&shy;кен аял; К. э. баланы биринчи көрүп, ата-эне&shy;сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою
<b type='title'>КИНДИК ЭНЕ – </b>бала төрөлгөндө киндигин кес&shy;кен аял; Киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне&shy;сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый&shy;мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-&shy;мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон&shy;дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым&shy;ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол&shy;сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм&shy;дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.  
урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый&shy;мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк&shy;мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк б-ча К. э-ни кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон&shy;дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым&shy;ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз м-н кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол&shy;сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм&shy;дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу м-н коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын
эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын
эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.  
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

08:04, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИНДИК ЭНЕ – бала төрөлгөндө киндигин кес­кен аял; Киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-эне­сине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сый­мыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-­мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошон­дон улам элде «жетемди эмес, жерден алганым­ды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу бол­сун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эм­дигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.

Ы. Кадыров.