КИНГСТОН-АПОН-ХАЛЛ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ</b> , Х а л л, Г у л л ь – | <b type='title'>КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ</b> , Х а л л, Г у л л ь – Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унитардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон менен темир жол аркылуу түздөн-түз Ливерпуль, Манчестер, Лидс жана башка ири шаарлар менен автомагистралдар аркылуу, Хамбер дарыясындагы көпүрө менен Англия­нын түштүгүндөгү шаарлар менен байланышат. Ири деңиз порту (2005-жылы 13,4 млн тоннажүк ташыл­ган). Роттердам (Нидерланд) жана Зебрюгге (Бель­гия) шаарлары менен үзгүлтүксүз паром аркылуу байла­нышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 <i>км</i>; Робин Гуд, 77 <i>км</i>) бар. Шаар­дын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн турган­дыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. XII кылымдын аягында кечил­дер негиздеген. XX кылымда ири деңиз соода борбору жана дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамма­тика мектеби (1583), Уильям IIIнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамак-­аш (ун, май) өнөр жайлары, «British Petroleum» (уксус кислотасы, ацетон, этилацетат жана башкалар), «Smith & Nephew» (медициналык технология жана башка материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азык­түлүк, балык (тресканын боорунан) майы жана анын негизинде витаминдер] жана башка ишканала­ры иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточир­кегич жана карапа буюмдары чыгарылат. Университеттер (анын ичинде медициналык коллеж), музейлер (анын ичинде тарых, транспорт, деңиз жана башкалар), сүрөт галереясы (1927), англис филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007- жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү жанаа Евро­падагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жар­маңкелер жана фестивалдар (адабият, деңиз, рок музы­ка жана комедия жанрлары боюнча) өткөрүлүп турат. | ||
Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:01, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ , Х а л л, Г у л л ь – Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унитардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон менен темир жол аркылуу түздөн-түз Ливерпуль, Манчестер, Лидс жана башка ири шаарлар менен автомагистралдар аркылуу, Хамбер дарыясындагы көпүрө менен Англиянын түштүгүндөгү шаарлар менен байланышат. Ири деңиз порту (2005-жылы 13,4 млн тоннажүк ташылган). Роттердам (Нидерланд) жана Зебрюгге (Бельгия) шаарлары менен үзгүлтүксүз паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 км; Робин Гуд, 77 км) бар. Шаардын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн тургандыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. XII кылымдын аягында кечилдер негиздеген. XX кылымда ири деңиз соода борбору жана дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамматика мектеби (1583), Уильям IIIнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамак-аш (ун, май) өнөр жайлары, «British Petroleum» (уксус кислотасы, ацетон, этилацетат жана башкалар), «Smith & Nephew» (медициналык технология жана башка материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азыктүлүк, балык (тресканын боорунан) майы жана анын негизинде витаминдер] жана башка ишканалары иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточиркегич жана карапа буюмдары чыгарылат. Университеттер (анын ичинде медициналык коллеж), музейлер (анын ичинде тарых, транспорт, деңиз жана башкалар), сүрөт галереясы (1927), англис филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007- жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү жанаа Европадагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жармаңкелер жана фестивалдар (адабият, деңиз, рок музыка жана комедия жанрлары боюнча) өткөрүлүп турат.