КИНГСТОН (Норфолк аралынын борбору): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́НГСТОН</b> – Австралия ээлиги Норфолк | <b type='title'>КИ́НГСТОН</b> – Австралия ээлиги Норфолк аралынын административдик борбору. Аралдын түштүгүндө, Фижи де­ңизиндеги Эмили бухтасынын жээгинде жай­гашкан. Калкы 0,9 миң (2008). Кингстонго жакын жер­де эл аралык аэропорт бар. Британиялык лей­тенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-жылы абак шаарчасы (1814-жылга чейин) катары негизделген. 1825-жылы тартиби өтө катаал ж-а шарты оор жа­ңы абак түзүлгөн. 1855-жылы коомдун каршылы­гынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк аралынын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-жылы 1-январь), Кингстон – анын административдик бор­бору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пай­даланып, калкы аз калган. Кингстондо Норфолктун административдик мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өк­мөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20- кылымдын 2-жарымынан аралдын администрация­сы эски курулуштарды сактап, калыбына кел­тирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк аралынын музейи уюштурулган. Калкы негизинен турист­терди тейлейт. Жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. | ||
кийин (1856- | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
05:14, 2 Март (Жалган куран) 2026 -деги абалы
КИ́НГСТОН – Австралия ээлиги Норфолк аралынын административдик борбору. Аралдын түштүгүндө, Фижи деңизиндеги Эмили бухтасынын жээгинде жайгашкан. Калкы 0,9 миң (2008). Кингстонго жакын жерде эл аралык аэропорт бар. Британиялык лейтенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-жылы абак шаарчасы (1814-жылга чейин) катары негизделген. 1825-жылы тартиби өтө катаал ж-а шарты оор жаңы абак түзүлгөн. 1855-жылы коомдун каршылыгынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк аралынын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-жылы 1-январь), Кингстон – анын административдик борбору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пайдаланып, калкы аз калган. Кингстондо Норфолктун административдик мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өкмөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20- кылымдын 2-жарымынан аралдын администрациясы эски курулуштарды сактап, калыбына келтирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк аралынын музейи уюштурулган. Калкы негизинен туристтерди тейлейт. Жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт.