КИММЕРИЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИММЕРИ́Й БҮКТӨЛҮҮСҮ – жер кыртышынын мезозой заманындагы бүктөлүү, тоо пайда болуу м-н жүргөн тектон. кыймылы. Магматизм процессинен гранитоид интрузиясы жаралып, чөкмө тектердин калың катмарлары бүктөлүүгө учураган. Бүктөлүү 2 фазада жүргөн, 1-фаза триас мезгилинин акырында башталып, юра мезгилинин башталышына чейин созулган (Крым, Таймыр, Түн. Афганстан, Азиянын түш.-чыгышы, Африканын түш. тарабы). Бул кыймыл байыркы К. б. деп аталган. 2-фаза жаңы киммерий деп аталып, юра мезгилинин акырынан бор мезгилинин башталышына чейин аракетке келген. Мында Верхоян-Чукот аймагы, Батыш Кордильер, Анд, Памир, Кара-Корум, Борб. Иран, Кавказ ж. б. тоолор бийик көтөрүлгөн.