КИЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЛЬ – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлезвиг-Гольштейн жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээгинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 236 миң (2008). ГФРдин түндүгүндөгү башкы жол тоому. К-де ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистрал кесилишет. Маанилүү соода, балык уулоочу ж-а жүргүнчү ташуучу порт (2006-ж. жылына 4,4 млн

Шаардын борбордук бөлүгү. т жүк, 1,7 млн жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда). Паром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург ж-а Калининград (Россия) ш. м-н байланышат. 1242-ж. негизделген. 19-к-дын 2-жарымында согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-ж. верфтер курулган. Версаль тынчтык келишими (1919) б-ча верфтеги аскердик өндүрүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Гольштейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-ж. чен, бул жерде 1728-ж. Россия императору Пётр III туулган), ратуша (1907–11), Ыйык Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын «Рух үчүн күрөшүүчү» скульптурасы (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штабквартирасынын бирөө ж. б. жайгашкан. Машина, кеме куруу ж-а ремонттоо, тамак-аш (балык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), хим. (а. и. фармацевтика) ж-а жеңил (полигр., эмерек) ө. ж. иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары ж-а суюк химикаттар ташылат), сүзүп жүрүүчү балык з-ддору, аскер кемелери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, т. ж. үчүн жабдуулар ж. б. чыгарылат. Радиоэлектроника, электр-тех., жогорку тактыктагы оптикалык ж-а мех. приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура ж-а кемелер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз миналары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар ж-а курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атн. ун-т [1665, Германиядагы эң ири ун-ттердин бири; курамында 165 ил.-из. бөлүмчөлөрү, а. и. ин-ттар; музейлер (зоол., геол., минерал.)], Мутезиус иск-во ж-а дизайн (1907; 2005-жылдан ун-т), Киль жогорку мектеби (1969), ил. мекемелер, музейлер (а. и. иск-во ж-а шаар галереялары, кемечилик, медицина ж-а фармацевтика тарыхы ж. б.), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл аралык музыка (1986; 2008-ж. орус музыкасына арналган) ж-а «Киль күндөрүнүн жаңы музыкал ары» (2006; жыл с айын) фес т ив ал дары өткөрүлүп турат. К. – Европадагы парус спортунун ири борборлорунун бири. К-ге жакын Мольфзе ш-нда ачык асман астында Шлезвиг-Гольштейн музейи уюштурулган.