КИЛИМАНЖАРО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЛИМАНЖА́РО (суахили тилинде – суук кудайынын тоосу; башка маалымат б-ча жаркыраган тоо) – дүйнөдөгү эң ири жанартоолордун бири; Танзанияда (Чыгыш Африкада). Аянты 388,5 миң га. Бийикт. 5895 м (Африканын эң бийик жери). К. өчкөн 3 жанартоодон (Кибо – 5895 м, Мавензи – 5355 м, Шира – 4006 м) турат. Ал негизинен трахибазальт ж-а фонолит тектеринен түзүлгөн. Нымдуу түш. ж-а түш.-батыш капталдарына жылына (3100 м бийикте) 1000ден 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. К-нун этегинен 1000 м бийикке чейин саванна, андан жогору кофе, банан плантациялары (1000–1800 м), эпифит ж-а папоротниктер аралаш тоо гилеясы (1800–3100 м), 4200 мге чейин тропиктик бийик тоо өсүмдүктөрү (парамос),

ксерофиттүү жаздык сымал дан өсүмдүктөрү (4200–4800 м) ж-а лава талаалары ээлейт. Чокулары мөңгүлүү. Килиманжаро улуттук паркы
Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.