КИЙИМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЙИМ – тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап ж. б.) жалпы аты. Турак жай м-н бирге К. – адам тиричилигинин негизги каражаттарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысыксууктан ж-а мех. таасирлерден коргонууга муктаж болушу К-дин келип чыгышын шарттаган. К-дин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мамилелердин ж-а мад-ттын өнүгүшү м-н кошо жүргөн. Натыйжада К-ге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз м-н карап, дене-боюндагы кемчилигин К-дин түрү м-н оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку палеолит доорунда эле айбан терисинен, куш канатынан, чөптөн, дарак кабыгынан ж-а жалбырагынан К. жасай баштаган. Неолит доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык м-н мал чарбачылыкка өтүү зыгыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын ж-а мал жүнүн К-дик материал жасоо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) К. жасалуучу негизги материалга айланган. Айрым элдер К-ди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана дене-
сине ороп-ороп алышкан. Жашоо ыңгайына, климаттык ж-а табигый (асыресе жер) шарттардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дыйкандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн алкактарда жашагандарга К-дин ар кандай түрлөрү ж-а комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген К. көп өлкөлөр үчүн үлгү болгон. Мис., 11–14-к-да Франциянын, 16- к-дын 2-жарымынан Испаниянын, 17-к-дын 2-жарымынан кайрадан Франциянын К. модалары Батыш Европада үстөмдүк кылган. 18- к-дын аягында Француз бурж. рев-ясынын таасири м-н Францияда сөөлөттүү ж-а кымбат К-дер бир кыйла демократташып, андан ары К. бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан К. модалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил ө. ж-дын, токуу өнөрүнүн ж-а жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү К. модасынын айрыкча аялдар К-инин тез-тез өзгөрүп, жаңыланып жакшырып турушун шарттады. К-ди констр-лоо ж-а моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. К-дин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жыныстык ж-а курактык белгилери, үй-бүлөдөгү ж-а жамааттагы абалы, уруулук ж-а таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша К. ич ж-а сырт К., баш кийим, бут кийим деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) К., м а йр а м д ы к (сый, дем алыш ж. б.) К., к а а д ас а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө кийилүүчү ж. б.) К., а т а й ы н (өндүрүштүк) К., ф о р м а (аскерлердин, т. ж-чулардын ж. б.) К., с п о р т т у к К. ж. б. фасондорго ж-а түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол өнөрчүлүктүн өөрчүшү К-дин көркөмдүк жагын арттырууга кызмат кылган. Калктар м-н улуттардын калыптанышы улуттук (элдик) К-дин жаралышына алып келген. Улуттук К-дер элден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, белгилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү К. комплекси иштелип чыккан. Улуттук К-ден карапайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, саймачылык ж. б. өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улуттук колори тти сактап, элди б ашкалардан өзгөчөлөп турат, к. Кыргыздын улуттук кийимдери.