КИЙИЗБАЕВА Сайра: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИЙИЗБАЕВА</b> Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек | <b type='title'>КИЙИЗБАЕВА</b> Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш айылы – 10. 10. 1988, Фрунзе шаары] – опера ырчысы (лирика-­драмалык сопрано). СССР эл артисти (1958). Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында ырчы бо­луп иштөөдөн баштаган. Биринчи жолу Земфиранын романсын (А. Верстовский, «Картаң к ү й ө ө – катаал күйөө», 1937) жана Ажардын (В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз») ролун аткарган. | ||
10. 10. 1988, Фрунзе] – опера ырчысы (лирика­драмалык сопрано). СССР эл | |||
[[File:КИЙИЗБАЕВА32.png | thumb | none]] | [[File:КИЙИЗБАЕВА32.png | thumb | none|343x343px]] | ||
үйрөнүп, профессионал театр | Нота үйрөнүп, профессионал театр өнөрүн өздөштүргөн кезде С. Кийизбаевага Айчүрөктүн (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшы­рылып, аны 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Моск­вада өткөн он күндүгүндө ийгиликтүү аткарган. 1940-жылы Москвага окууга жиберилген, бирок согуш кедерги болуп, 1947–1949-жылдары гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүм­күндүк алган. | ||
өнөрүн өздөштүргөн кезде | |||
А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшы­рылып, аны 1939- | |||
[[File:КИЙИЗБАЕВА33.png | thumb | С. Кийизбаева – Бат­терфляй. Ж. Пуччи­нини. «Чио-Чио-сан» операсы. 1953.]] | [[File:КИЙИЗБАЕВА33.png | thumb | С. Кийизбаева – Бат­терфляй. Ж. Пуччи­нини. «Чио-Чио-сан» операсы. 1953.]] | ||
1942-жылы В<i>. Власов</i> жетектеген бри­гада менен фронт аралап концерт берген. 1943-жылы Татьянанын (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ролун жогорку чеберчиликте аткарып, дасык­кан ырчы катары таанылган. 1956-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окутуу­чу, 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, профессор, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын директору (1963–1965) бол­гон. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (2–6-шайланышынын). Анын профессионалдык илгерилөөсүн Күлайым (М. Раухвергер, «Кө­күл»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, «Жаш жүрөктөр»), Лиза, Наталья (П. Чайковский, «Кар­ганын маткеси», «Опричник»), Наташа (А. Дар­гомыжский, «Суу периси»), Ярославна (А. Бородин, «Князь Игорь»), Тамара (А. Рубинштейн, «Демон»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») жана башка ролдордон көрүүгө болот. | |||
Баттерфляйдын пар­тиясын (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») 1953-жылы Москванын Чоң театрында орус тилинде атка­рышы Кийизбаеваны союздук аренага тааныткан. С. Кийизбаева музыкалык комедияларда да чебер ойногон. Буга Одарка­нын (С. Гулак-Артёмовский, «Дунайдын аркы өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Га­жибеков, «Аршин мал алан») жаркын образда­ры далил. Кийизбаева чет элдик композиторлордун ыр­ларын, романстарын чебер аткаруучу катары да таанымал. Ал концерттик ишмердиги менен кыр­гыз музыкасын жайылтууга зор салым кошкон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы көчөгө ысмы берилген. | |||
өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Га­жибеков, «Аршин мал алан») жаркын образда­ры далил. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
04:56, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЙИЗБАЕВА Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш айылы – 10. 10. 1988, Фрунзе шаары] – опера ырчысы (лирика-драмалык сопрано). СССР эл артисти (1958). Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында ырчы болуп иштөөдөн баштаган. Биринчи жолу Земфиранын романсын (А. Верстовский, «Картаң к ү й ө ө – катаал күйөө», 1937) жана Ажардын (В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз») ролун аткарган.

Нота үйрөнүп, профессионал театр өнөрүн өздөштүргөн кезде С. Кийизбаевага Айчүрөктүн (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшырылып, аны 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө ийгиликтүү аткарган. 1940-жылы Москвага окууга жиберилген, бирок согуш кедерги болуп, 1947–1949-жылдары гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүмкүндүк алган.

1942-жылы В. Власов жетектеген бригада менен фронт аралап концерт берген. 1943-жылы Татьянанын (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ролун жогорку чеберчиликте аткарып, дасыккан ырчы катары таанылган. 1956-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, профессор, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын директору (1963–1965) болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (2–6-шайланышынын). Анын профессионалдык илгерилөөсүн Күлайым (М. Раухвергер, «Көкүл»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, «Жаш жүрөктөр»), Лиза, Наталья (П. Чайковский, «Карганын маткеси», «Опричник»), Наташа (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Ярославна (А. Бородин, «Князь Игорь»), Тамара (А. Рубинштейн, «Демон»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») жана башка ролдордон көрүүгө болот.
Баттерфляйдын партиясын (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») 1953-жылы Москванын Чоң театрында орус тилинде аткарышы Кийизбаеваны союздук аренага тааныткан. С. Кийизбаева музыкалык комедияларда да чебер ойногон. Буга Одарканын (С. Гулак-Артёмовский, «Дунайдын аркы өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Гажибеков, «Аршин мал алан») жаркын образдары далил. Кийизбаева чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары да таанымал. Ал концерттик ишмердиги менен кыргыз музыкасын жайылтууга зор салым кошкон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы көчөгө ысмы берилген.