КИДАЙШ-ПОКРОВСКАЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИДА́ЙШ-ПОКРО́ВСКАЯ Нинель Викторовна (1926, Россия, Орёл ш.) – түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. 1950-ж. Москвадагы М. В. Ломоносов атн. ММУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1954–58-ж. Н. К. Крупская атн.
Бүткүл союздук эл чыг-лык үйүндө О. Азия респ­ларынын ж-а Казакстандын түрк тилдүү элде­ринин фольклорун изилдеп, ад-т тармагында эм­гектенген. Эмгектери 1971-жылдан СССР ИАнын «Наука» басмасынан чыккан «СССР элдеринин эпостору» акад. сериясынын томдорунда жарык көргөн. К.-П. – ил. котормодон тышкары та­рыхый-этногр., лингв., фольклордук мүнөздөгү комментарийлердин автору. Ал «Манас» эпосу­нун 4 томун басып чыгарууга да катышкан.