КЕЧИЛДИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕЧИЛДИК – диний социалдык топ. Анын мүчөлөрү «бул дүйнөдөн кечүү», үй-жай, мүлктөн баш тартуу, үйлөнбөй так өтүү, туугандык ж-а социалдык байланыштардан биротоло кол үзүү, белгилүү бир монастырда жашоо, анын уставы­на баш ийүү сыяктуу катаал тартиптеги тур­мушта өз ыктыяры м-н жашап, өмүр кечирет. К. алгач б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченин­де буддизмде (Индия) пайда болгон. Кийинче­рээк Кытай, Япония, Тибет, Түш.-Чыгыш Азия ж-а Ы. Чыгыш өлкөлөрүндө өнүккөн. Б. з. 3- к-нда христианчылыкта түзүлө баштаган (протестантизмде К. жок). Кээде (толук туура келбесе да) К-ке мусулман дервиштерин да ко­шушат.