КЕФИР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕФИ́Р – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87°С темпрада 5–10 мин же 90–92°Сде 2–3 мин пастерленип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% кефир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган килкилдек продукт 8–10°С темп-рада түрдүү убакытка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) ж-а өтө ачыган (3 күндүк), кычкылдуулугу ар башка (80–120°Т) К. алынат. Өтө ачыган К-де сүт к-тасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт з-ддору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 ж-а 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү ж-а майы аз (0,5%) К. чыгарат. К. көбүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз ж-а полиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда К. сиңимдүү ж-а мүнөздөп тамактанууда пайдаланылат. Өтө ачыган К. ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. К-ди 0°Сден жогору эмес темп-рада 3 суткага чейин сактоого болот.