КЕФИР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕФИ́Р</b> – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак | <b type='title'>КЕФИ́Р</b> – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк <i>сүттөн</i> даярдалат. Сүт 85–87°С температу­рада 5–10 <i>мин</i> же 90–92°Сде 2–3 <i>мин</i> пастерле­нип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% ке­фир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган кил­килдек продукт 8–10°С температурада түрдүү убакыт­ка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкыл­дуулугу ар башка (80–120°Т) кефир алынат. Өтө ачы­ган кефирде сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) кефир чыгарат. Кефир кө­бүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз жана по­лиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда кефир сиңимдүү жана мүнөздөп тамактанууда пайда­ланылат. Өтө ачыган кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0°Сден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот. | ||
же көк <i>сүттөн</i> даярдалат. Сүт 85–87°С | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:59, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕФИ́Р – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87°С температурада 5–10 мин же 90–92°Сде 2–3 мин пастерленип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% кефир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган килкилдек продукт 8–10°С температурада түрдүү убакытка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкылдуулугу ар башка (80–120°Т) кефир алынат. Өтө ачыган кефирде сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) кефир чыгарат. Кефир көбүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз жана полиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда кефир сиңимдүү жана мүнөздөп тамактанууда пайдаланылат. Өтө ачыган кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0°Сден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот.