КЕСМЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕСМЕ – </b>жука жайылган камырдан ичке кеси­лип, шорпого салына турган азык | <b type='title'>КЕСМЕ – </b>жука жайылган камырдан ичке кеси­лип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган ка­мырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк менен тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүк­төйт да, ичке ке­сет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсу­гандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат. | ||
[[File:КЕСМЕ15.png | thumb | none]] | [[File:КЕСМЕ15.png | thumb | none]] | ||
Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымал­дарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кай­наган шорпого кесме салынып жасалган суюк та­мак да кесме деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а­ т ы к т а л г а н кесме, куурулганы к у у р м а кесме. делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө. | |||
Ад.: <i>Бөрүбаев Т.</i> Кыргыз даамы. Ф., 1984. | Ад.: <i>Бөрүбаев Т.</i> Кыргыз даамы. Ф., 1984. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:38, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕСМЕ – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк менен тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат.

Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого кесме салынып жасалган суюк тамак да кесме деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а т ы к т а л г а н кесме, куурулганы к у у р м а кесме. делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө.
Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз даамы. Ф., 1984.