КЕСКЕЛДИРИКТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕСКЕЛДИРИКТЕР (Sauria) – түрпүлүү сойлоочулар түркүмчөсү. Денеси капталынан кысыңкы же тоголок, түрдүү түстө. Териси түрпүлөр м-н капталган. Уз. 3,5 смден 4 мге (эчки эмер) жетет. Үстүңкү жаагы баш сөөгү м-н биригип өскөн. Геккондор м-н агамалардын тили жазы, эттүү, эчки эмерлердики узун, бир аз ачаланган, хамелеондордуку өтө узун, учу калың. Айрымдарынын буттары жакшы, кээ бириники начар өөрчүгөн же такыр жок. Жуп копулатив органы бар. Көпчүлүк К. куйругун кесип таштайт (к. Автотомия). К-дин кыйла түрү жер бетинде, кумга көмүлүп, айрымдары даракта (жерге чанда түшөт) жашайт, кээ бири учууга жөндөмдүү. К-дин 20 тукуму (геккондор, түрпү буттуулар, агамалар, эчки эмерлер, уу тиштер, хамелеондор, кадимки кескелдирик ж. б.), 4000 түрү бардык континентте (Антарктидадан башка) таралган. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукуму, 18 уруусу, 80дей түрү бар. Алар курт-кумурска, кээде майда омурткалуулар, чанда өсүмдүк м-н азыктанат. К. негизинен жумуртка тууйт, жумуртка тирүү ж-а тирүү туучулары да бар. Жылына 3–4 жолу 35тей жумурткасын таштайт. Айрым К-дин эти желет, терисинен түрдүү буюмдар жаса

лат. 36 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.