КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ – оозеки чыг-лыктагы каада-салт ырларынын түрү. Өлүм алдында жаткан адам балдарына, жакындарына, туугантуушканына акыл-насаат, арман иретинде керээз айтат. Ошондуктан ага чоң маани берилип, көркөм ырга, жомокко айландырылган. Жомоктордогу, эпостордогу К. ы-нда баатырларга элди жоодон коргоо, эл ынтымагын сактоо тапшырылат. Эпикалык чыгармаларда каармандар ошол чыгарманын өзүндө да айтат (мис., «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн керээзи», «Манастын Каныкейге айткан керээзи», «Курманбек» эпосундагы «Курманбектин досу Акканга айткан керээзи», «Саринжи-Бөкөй» дастанындагы «Жамгырчынын Бөкөйгө Саринжини табыштаган керээзи» ж. б.).