КЕРЧЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРЧЬ – Украинадагы шаар. К-ге Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыгы үчүн «Баатыр шаар» деген ардактуу наам (1973) берилген. Крым Автономия Респ-нын аймагында. Керчь кысыгындагы порт. Калкы 149,7 миң (2008). Жанкыт – Керчь т. ж-нун акыркы т. ж. бекети. Темир кени казылып алынат (Камышанск-Бурунск комбинатында иштетилет). Металлургия, кеме куруу ж-а ремонттоо, тамакаш – татымал (а. и. балык белендөө) ө. ж. ишканалары иштейт. Б. з. ч. 6-к-да негизделип, Пантикапей аталган. Ал б. з. ч. 5-к-дын башынан б. з. 4-к-нын аягына чейин Боспор мамлекетинин борбору болгон. 1475-ж. түрктөр басып алган. 9–11-к-да Корчев аталып, Россиянын курамына кирген. К-тин аймагында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда катуу салгылаштар жүргөн. Театр, тарыхый-археол. музей, Ажимушкайды коргоодо курман болгон баатырлардын мемориал ансамбли бар. Мелек-Чесмен кор-

гону (б. з. ч. 4-к.), Деметр склепи (б. з. 1-к.), Иоанна Предтечи чиркөөсү (10–13-к.) сакталган.