КЕРМАНШАХ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРМАНША́Х , мурдагы Б а х т а р а н – Ирандын батышындагы шаар. Керманшах останынын адм. борбору. Загрос тоосунда, деңиз деңг. 1600 м бийиктикте, Тегеран – Багдад (Ирак) автомагистралынын жээгинде жайгашкан. Калкы 800,4 миң (2008). Жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаарды 4-к-да Сасаниддер династиясынын шахы Бахрам IV негиздеген. Алардын жайкы резиденциясы болгон. 11-к-да селжуктардын бийлиги астында туруп, Күрдстандын ө. ж-луу башкы шаарына айланган. К. 1980–88-ж. Иран – Ирак согушунда жабыркаган. Ун-ттер (Рази, 1974; Мед. илимдер, 1986), этнология музейи бар. Маанилүү соода-ө. ж. борбору. Нефть ажыратуу, жеңил (текстиль, булгаары-бут-кийим ж. б.), тамак-аш (а. и. кант), айнек ө. ж. жана курулуш материалдар (цемент) өндүрүшү иштейт. Килем токулат. К-тан 5 км түн.-чыгышта Таге-Бостан комплекси (аска бетиндеги 385 майда, 600гө жакын оюк үңкүрлөрдөн турат) ж-а 30 км аралыкта дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска жыл баяны жайгашкан (к. Бехистун жазмасы).