КАРА-БУЛУҢ (Ысык-Көлдөгү булуң): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-БУЛУҢ to КАРА-БУЛУҢ (Ысык-Көлдөгү булуң)) |
(Айырма жок)
| |
08:10, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-БУЛУҢ — Ысык-Кѳлдүн түштүк-чыгышындагы эң ири булуң. Жети-Ѳгүз районунун аймагында. Аянты 16,55 км2, узундугу 6,0 кмден ашык, жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м. «Ыссык-Кѳл» санаторийинин жанындагы эң тайыз жери суунун тартылуусунан тѳртүнчүлүк мезгилдин тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ пайда болгон. Булуңдун кум, тунма чѳгүндүлѳр тѳшѳлгѳн таманы батышты кѳздѳй эңкейиш. Кара-Булуңга Жууку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы (нугу) булуңдун орто ченинде Чоң ж-а Кичи Кызыл-Суунун нуктары м-н кошулуп, 120 м тереңдиктен бүтѳт. Жээктери аккумуляциялык тектир, кѳлгѳ кирип турган жерлеринде (тумшук, урчуктар) майда булуң, колтуктар кѳп; түштүк-чыгыш бѳлүгүндѳ абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түштүк-чыгыш капшытында чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу Кызыл- Суу колтугу жайгашкан. Жууку суусу жылына булуңга 27 миң т дан 95 млн т га чейин шиленди агызып келет. Агын суулар көп куйгандыктан, суусу мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 мге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге чейин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуңдун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань ж. б. бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктердин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчылык туудурууда. Экологиялык абалы начарлоодо.