КАРА-БАЛТА (Жайыл районундагы суу): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-БАЛТА 1 to КАРА-БАЛТА (Жайыл районундагы суу)) |
(Айырма жок)
| |
04:04, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-БАЛТА , К ө л - Б а ш ы – Жайыл районундагы суу, Ак-Суунун (Чүйдүн алабы) сол куймасы. Узундугу 133 км, алабынын аянты 577 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2910 м. Өрөөнүнүн таманы кууш, жогорку бөлүгү туюк төрлөр м-н бүтөт. Алабында чакан мөңгүлөр ж-а көлдөр бар. Кара-Балтанын жалпы узундугу 268 км келген 84 куймасы бар; негизгилери: Чоң- Мазар (12 км), Абла (11 км), Туюк (16 км). Орточо чыгымы 5,25 м3/сек. Май айынан сентябрдын ортосуна чейин кирип, сентябрь – апрель айларында тартылат. Июнь – июль айларында суусу мол болуп, орточо чыгымы 14 м3/сек, айрым жылдары 21–22 м3/секга жетет; февраль – март айларында 1,60 м/секга азаят. Байкалган эң көп чыгымы 71 м3/сек, эң азы 0,65 м3/сек. Жылына орто эсеп м-н 23 сутка суунун бетин муз каптап жатат. Шыргалаң ноябрдын аягында башталып, марттын ортосунда токтойт. Январь–февраль айларында суунун температурасы 1°С, июль – августта 11,2°С, айрым күндөрү 17,0°Сге чейин жогорулайт. Суусунда тоо жилиңгири, маринка балыктары бар. Сугатка пайдаланылат. Кара-Балтадан 20 м3/сек суу өткөрүүчү Таш, ГЭС, Чоң Жетиген каналдары чыгарылган. Төмөнкү агымында Кара-Балта суу сактагычы курулган.
Өрөөнүндө Кара-Балта шаары, Моңолдор, Сары-Булак, Сосновка, Ставрополовка, Степной кыштактары жайгашкан.