КЕРИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРИКТЕР (Rhinocerotidae) – сыңар туяктуу сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене уз. 2–5, бийикт. 1–2 м, салмагы 3,6 тга жетет. Дене түзүлүшү массивдүү, териси калың, жүнсүз. Башы сүйрү, көзү кичи­не, кулагы чоң, кыймылдуу, моюну кыска, жоон, тумшугунун үстүндө уз. 1,58 смге чейин жеткен 1 же 2 мүйүзү (кара кериктики 3, кээде 5) болот. Буттары кыска, үч манжалуу, манжа­сы туяктуу, күчтүү, денеси салмактуу болсо дагы жакшы жүгүрөт. К-дин 4 урууга кирген 5 түрү (суматра кериги, индия кериги, ява кериги, кара

керик, ак керик) бар. Алар Африка ж-а Түн.- Чыгыш Азиянын тропик токойлорунда, саван­наларда, суу жээгиндеги өсүмдүк арасында, саз­дуу жерде жашайт. Көбүнчө экиден жүрөт, түнкүсүн активдүү, өсүмдүк бутагы, бүрү ж. б. м-н азыктанат. Ургаачысы 2–3 жылда бир жолу 17–18 ай көтөрүп 1, чанда 2ни тууйт. 50–60 жыл жашайт. Эти ж-а майы тамак-ашка колдону­лат, терисинен түрдүү буюмдар жасалат. Саны өтө азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл ки­тебине катталган.