КЕРЕЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРЕЧ (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбы­рактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы фор­масы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү Түн. жа­рым шарда ж-а Жаңы Зеландияда кездешет. Кырг-нда 5 түрү орто бийик ж-а өтө бийик тоо­догу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жыл­гаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын криофиттик өсүмдүктөр арасында өсөт.
К-тин бир түрү (көп сабактуу К.) – Кырг-ндын эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгер­теден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү К.) ичеги-карын ооруларына дары катары колдо­нулган.