КЕРЕЗБЕКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕРЕЗБЕКОВ Канат (29. 1. 1970-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Жумгал айылы) –

юридика илимд. доктору (2008), КРдин эмг. сиң. юристи (2009). 1993-ж. КМУну бүткөн. 1992–96-ж. ил­өндүрүштүк «Элдос ЛТД» фирмасында юрист­консультант, 1996–99-ж. КР УИАнын Филосо­фия ж-а укук ин-тунда ил. кызматкер, улук ил. кыз­маткер, бөлүм башчысы, 1999–2005-ж. КМУда оку­туучу, доцент, кафедра баш­чысы, 2001–02-ж. КМУда Юридика ин-тунун директо­рунун орун басары, дирек­тордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан КРдин Өкмө­түнө караштуу Кыргыз


мамл. юрид. академиясынын ректору. КРдин Де­мокр., Жер кодекстери ж. б. мыйзам актыла­рынын, КР УИА, Ипотека, Третейский суд ж-а КРдин жер-агр. реформасы б-ча мыйзамдардын пакетин иштеп чыгуучулардын бири. «Кыргыз Республикасынын жер укугу», «Третейский суд», «Укук таануу» окуу куралдарын даярдоо б-ча автордук жамааттын жетекчиси, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат кара­жаттары жана укук» окуу куралына авторлош. 80ден ашуун ил. макалалардын автору. «Даңк» медалы м-н сыйланган.