КЕРБЕН ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕРБЕН ТҮЗДҮГҮ , К а р а в а н – К ө к - Ж а р т ү з д ү г ү Алай кырка тоосунун түн. этегинде. Кадамжай р-нунун аймагында. Түндүгүнөн Дастар, Улуу Тоо, түштүгүнөн Гаузан тоосу, чыгышынан Бел-Өрүк адырлары, батышынан Исфайрам-Сай өрөөнү м-н чектешет. Уз. 28–30 км, туурасы 16–18 км. Деңиз деңг. бийикт. 1200– 1500 м. Түздүк негизинен тегиз, чет-жакасы майда жылга-жыбыттуу. Айрым жеринде суу жеген ойдуңчалар кездешет. Палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринин чөкмө ж-а шиленди тектери м-н капталган. Климаты континенттик. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 24°С), кышы мелүүн (январдыкы –3,5°С). Жылдык жаан-чачыны 250–290 мм. К. т-ндө Абшыр м-н Исфайрам-Сай суулары каналдарга бөлүнүп кетет. Негизинен боз топурактуу. Шыбак-эфемерлүү ж-а жарым чөл талаа ландшафттары мүнөздүү. Тамеки, дан өсүмдүктөрү ж. б. эгилет. Түздүктө Кызыл-Кыя, Кербен ш., Үч-Коргон, Кубасай кыш. жайгашкан.