КЕҢ-СУУ РОДОНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢ-СУУ РОДОНИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Арал кыш-нан 35–40 км чыгыш тарапта, Көк-Тай тоосунун кырында, Кең-Суу ашуусунан 3 км түн.-батышта. Кен аймагын силур м-н карбондо пайда болгон тоо тектер тү­зөт. Родонит тулкулары гранит-порфирдин ж-а кварцтуу сиенит-диориттин роговик же мрамор кабатчалары м-н кошулган жериндеги скарнда кездешет. Уз. 3–5 м келип, өзүнчө бөлүнүп ту­рат. Родониттүү скарндар калыңдыгы 150–170 м, уз. 550 м келген тилкени түзүп жатат. Родонит кызгылт, ачык кызыл түстүү, майда бүртүкчөлүү. Жакшы сайкалданат. Кооз буюмдарды жасоого болот.