КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢ-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Cуу р-нунда, Тескей Ала-Тоонун түш. кап­талында, Кең-Суу суусунун баш жагында, де­ңиз деңг. 3300–3750 м бийикте. 1985–90-ж. чал­гындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы про­терозойдун аягындагы акиташ, чопо, чополуу сланец, кумдук, алевролит, конгломерат, граве­лит ж-а алгачкы карбондогу интрузия жиреген кумдук, гравелит, алевролит, акиташ, сланец, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Интрузия м-н жанаша жаткан тектер роговикке, скарноитке, скарнга айланган. Кен вольфрамдуу эки зонага бөлүнөт. Зоналардын уз. 100–350 м, жантаюусу б-ча 250–550 м; калыңдыгы 7 мден 150 мге че­йин. Зоналардын ичинде уз. 40–250 м, жан­таюусу б-ча 60–460 м, калыңдыгы 1,25–19,75 м линза сымал кенташ тулкулары орун алган.
Вольфрам үч оксидинин орт. өлчөмү – 0,41%. Кенташтын запасы С12 категориясы б-ча 5846 миң т, вольфрамдын үч оксидинин кору (запа­сы) С12 29,5 миң т.