КЕҢКОЛ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢКОЛ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш капталындагы Кызыл-Үңкүр өрөөнүнүн баш жагынан орун алган. Базар-Коргон р-ну­нун аймагында. Деңиз деңг. 1840 м бийикте жатат. Уз. 700 м, туурасы 100–120 м, аянты 0,1 км2, тереңдиги 20–25 м. Көл байыркы море­нанын өрөөндү бөгөп калышынан пайда бол­гон. Бөгөттүн бийикт. 50–60 м. Көлдөн Кеңкол суусу агып чыгып, Отуз-Арт суусу м-н кошу­луп, Кызыл-Үңкүр суусун түзөт. Көлдү курча­ган тоо капталдары тик, анда арча, карагай токою, көлдүн башталышындагы чакан дель­тачада тал, терек жыш өсөт. Көлдө көк чаар, маринка, жилингир ж. б. балыктар бар.