КЕҢКОЛ БАЗАЛЬТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢКОЛ БАЗА́ЛЬТ КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 28 км, Кара-Жылга тоосунун түн. капта­лында, деңиз деңг. 2100 м бийикте. 1991-ж. геол. карта түзүү маалында табылган. Туурасы 150 м­ден 600 мге чейин, уз. 2,6 км болгон линза сы­мал базальт теги палеогендин көк турпак сви­тасында жатат. Базальттан экинчи категория­дагы минералдык була алууга болот. Болжол­дуу ресурсу 21 млн м3.