КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫ – ө. ж-да колдонууга жарактуу, тех., экон. жактан баалуу кен байлыкты өндүрүп алуучу тоо-кен ишканасы. Мында түстүү металлдар (жез, жез-никель, коргошунцинк, вольфрам-молибден, калай), кара металлдар (темир, марганец, хром), металл эмес кендер (фосфор, калий, графит ж. б.) кайрадан иштетилет. Процесс майдалап сорттоо, жууп тазалоо, флотация, гравитациялык, магниттик, комбинациялык ж. б. технол. ылгоолордон турат. Ф-када даярдык көрүүдө (талкалоо, майдалоо, эзип эритүү, сорттоп класстарга бөлүү, күйгүзүү), негизги (гравитациялык, магниттик сепарация, флотация), жардамчы иштер (суусуздандыруу, коюлтуу, кургатуу, тундуруу) жүргүзүлөт. Кен калдыктары (катуу, суюк) кошумча иштетилет. Негизги реагенти м-н калдыгы өзүнчө бөлүнөт. Аба, чаңдан тазаланат. Калдыгы (суу, кум) таштандыга кетет. Реагент (концентрат) бункерге топтолот. Концентратта пайдалуу элементтер канчалык көп болсо, кен ошончолук көп ылганат. Жогорку даражада механикалаштырылган ж-а автоматташтырылган (сигналдашкан, контролдошкон, блокторго бөлүнгөн) ылгоодо кен калдыксыз ылганат.
Ад.: Разумов К. А., Перов В. А. Проектирования обогатительных фабрик. М., 1982; Калмыков А. В., Журбинский Л. Ф. Борьба с пылью и шумом на обогатительных фабриках. М., 1984.