КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ – тектон. ири түзүлүштөгү (антиклинорий, синклинорий, антеклиза, ортоңку массив, калкан, терең жаракалар), бирдей генезистеги, бир же бир нече кенташтан турган зор аймак. Бир нечеси биригип, кенташтуу провинцияны түзөт. Бүктөлүү аймагындагы тектон. терең жаракалар м-н тыгыз байланышта болуп, узатасынан созулуп жатат. Уз. ондогон, миңдеген кмге, туурасы бир нече кмден жүздөгөн кмге жетет. Катмар түрүндө бүтүндөй бир аймакты ээлеп жатса кенташ бассейни деп аталат. Пайда болуу мезгилине, геол. түзүлүшүнө, тектон. процесстерге жараша кенташтуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт.