КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ – кен байлыкты казып алууга даярдоо, казып алуу, жүктөө, ташуу жумуштары. Чалгындоо иштери жүргүзүлгөн, тех.-экон. шарты аныкталган, казып алууга ылайыкталган учурда тоо-кен ишканаларын, турак-жай, маданий-тиричилик мекемелерин, ар кандай курулуштарды куруу маселелерин ишке ашыруу ыкмалары. Кендин тибине, өлчөмүнө, орун алган шартына, казмалардын түрүнө, сапаты м-н ө. ж-лык запасына жараша көптөгөн тоо-кен ишканалары (шахта, рудник, карьер) ишке киргизилет. Шахта же карьер талаасы аныкталат. Шахта талаасы өз ичинен кабаттарга, панелдерге, блокторго бөлүнөт. Өткөөлдөр даярдалат. Бекиткичтер тургузулат, кендерди тоо тектеринен бөлүү, тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кен казылып алынгандан кийин анын ордунда пайда болгон боштуктар да пайдаланылат. Мында үңүлмөгө жакын жердеги жумушчулар м-н жабдуулар жайгашкан боштук үңүлмө жанындагы жумушчу боштугу деп аталат. Жу-
мушчу боштугунун айланасындагы тектердин жылып же урап кетүүсүнөн сактануу үчүн тоокен басымы аныкталат. Боштук бекитилет, уратылат. Жер астында иштөө үчүн атайын механизмдер колдонулат. Казылган кендер кулап түшөт же вагондорго жүктөлөт. Анан стволдогу аянтка жеткирилет. Конвейерлер м-н ташылат. Көтөргүч механизмдер ствол аркылуу сыртка чыгарат.
Ад.: Белоусов В. В. Структурная геология. М., 1986;
Круть И. В. Развитие общенаучных оснований геологии. М., 1995; Месторождение металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005; Старостин В. И., Игнатов П. А. Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006.