КЕНЕ ДАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНЕ ДАН (Ricinus L.) – сүт тикендер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү – кадимки К. д. (R. communis L.) бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. А. и. көп эгилгендери: перс, сангвинеус, Занзибар ж-а кытай К. д-ы (уругунан май алынат). Африкада К. д. бадал же дарак (бийикт. 10 мдей) түрүндө өсөт. КМШ өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус К. д-ы ж-а гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийикт. 1–2 м, айрымдары 4 мге чейин) түз, бутактанып өсөт. Heгизги сөңгөгүндө 5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 уругунун салм. 200–500 г. К. д-да рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам ж-а мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°Сде өнөт), кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланылат. К. д-дын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат. К. д. зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө ж. б.; илдеттери – боз чирик ж. б.