КЕНДИРБАЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> Эшмуканбет ( | <b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> '''Эшмуканбет''' (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка­чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш­тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш­пек шаарларында ревкомдун төрагасы, <i>Кара Кыргыз автономиялуу облусунун</i> жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оору­кана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп ку­рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ­тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй­рулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган. | ||
катышкан | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:33, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга качып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пишпек шаарларында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оорукана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп курулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылынган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа м-н камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.