КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ – кендерди жер үстүнөн казып алуу ыкмасы (к. Карьер). Биздин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып алган. 1941–45-ж. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кендерди ачык түрдө казып алуу иштери өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механикалаштырылган. Кенди ачык казып алууда металлга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан казып алууга караганда көмүр 2,5–3, кенташ 1,5– 2 эсе арзан болот. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 20 эсе жогорулайт. К. а. к. төмөнкү этаптарга бөлүнөт: кен казып алууга даярдык көрүү, кенди кургатуу, тоо-кен ж-а капиталдык курулуштарды куруу, кендин үстүн ачуу, тазалоо, казылгандарды ташуу, тереңдикке үңүлүп кирүү, механизмдерди ишке киргизүү. Мындан тышкары кошумча иштер (тектирлерди тазалоо, жол салуу ж-а оңдоо, суу м-н камсыз кылуу ж. б.). Бургулоо, жардыруу, үңүлмө казуу, жүктөө, ташуу, талкалап майдалоо, экскаватор, скрепер, жүктөгүч, бульдозер, гидромеханикаларды пайдалануу, циклдүү, циклдүү-потоктуу, потоктуу иштердин негизинде К. а. к. ыкмасы кен байлыктарды үнөмдүү, коромжусуз ж-а кырсыксыз казууну камсыз кылат.