КЕН БАЙЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕН БАЙЛЫКТАР – жер кыртышындагы эл чарбасына керектүү минералдык заттар. Табигый түрдө (көмүр, кварц куму ж. б.) же кайрадан иштетилгенден кийин (талкалап, жанчып, майдалап тазартуу ж-а ылгап бөлүп алуу) пайдаланылат. Физ. касиеттери б-ча катуу, суюк ж-а газ түрүндө жолугат. Курамы м-н эл чарбасында колдонулушуна карап 3 топко бөлүнөт: 1) к ү й ү ү ч ү К. б. (каустобиолиттер) – нефть, күйүүчү газдар, көмүр, чым көң, күйүүчү сланецтер; 2) м е т а л л к е н д е р и – нукура металлдар (алтын, күмүш ж. б.), кара ж-а түстүү металлдар, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү металлдар ж-а алардын кенташтары; 3) м ет а л л э м е с К. б. – хим. (туз, гипс, күкүрт, апатит, фосфорит ж. б .) ж-а от м-н кислотага чыдамдуу заттар. Бирок мындай бөлүү шарттуу. Анткени булардын бир эле түрү эл чарбасынын ар кандай тармактарында кеңири колдонулуп калышы мүмкүн. Мис., нефть м-н күйүүчү газ хим. ө. ж-дын негизги сырьёсу болуп эсептелет. Бокситтен алюминий өндүрүлөт, жасалма корунд алынат, жогорку сапаттуу цемент жасалат. К. б. Жердин ж-а жер кыртышынын өсүпөнүгүү тарыхында, бардык мезгилде, ар түрдүү геол. процесстерин натыйжасында келип чыккан. Жаратылыштагы чогундусунан, топтолушунан к е н (к. Кен) пайда болгон. К. б-дын сапаттуулугу кондицияга көз каранды. Пайда болуу шарттары, орун алышы, магматизм, тектоника, стратиграфия, литология, геоморфология м-н байланышы кен издеп, чалгындоодо эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Минералдардын физ.-хим. касиеттерин изилдеп, алардын ө. ж-да колдонулушун билебиз. Жаңы минералдарды ж-а алардын кендерин табабыз.