КЕМИН ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМИН ТООСУ , Т а з а К е м и н – Иле Ала- Тоосунун түш. тармагы, Түн. Теңир-Тоодо. Ке­мин р-нунун аймагында. Кичи Кемин, Тегирмен­ти-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) суулары­нын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батыш­ты карай Чүй д-на чейин 36 кмге созулуп, чы­гыштан батышты карай жапыздайт. Чүй д-нын сол жээгиндеги орогр. уландысы – Терек-Жон ж-а Окторкой тоолору. Эң жазы жери 10 км, орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 3884 м. Негизинен протерозойдун башталышында пай­да болгон гранит, гнейс-гранит, гранит пегма­тити ж-а калыңдыгы 4606 мге чейин жеткен гнейс, мигматит, сланец, кварцит, мрамор тек­теринен түзүлгөн. Чыгышы бийик тоолуу, ба­тышы орто бийиктеги тайпак тоо. Чыгышына альп рельефи мүнөздүү: тоо кырлары бийик, аска-зоокалуу, байыркы муздуктун издери кез­дешет. Тегирменти суусунун башында майда мөңгүлөр бар. Тоонун батыш бөлүгү – горст; түн. ж-а түш. капталдары тектон. жаракалар м-н чектелген. Кыры – тайпак денудациялык түз­дүк. Негизги ашуулары: Кашка-Жол, Жол-Бу­лак, Үч-Булак. Ландшафтында талаа ж-а шал­баалуу талаа (1600–1800 м), бадалдуу шалбаа (2500–2600 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3100–3200 м), андан жогору нивалдык-гля­циалдык алкактар мүнөздүү. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө ж-а түш. капталында (Тегир­менти сайында) карагай токою бар. Жайыт ж-а чөп чабынды катары пайдаланылат.