КЕМИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕМИН (мурда Б ө р ү б а й, К о ё н д у, Б ы с­т р о в к а аталган; 1992-жылдан Кемин) – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы шаарча, райондун ж-а Кемин шаарча кеңешинин борбору. Чүй д-нын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Ба­лыкчы автомобиль ж-а т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 1120 м бийикте жайгашкан. Облустун бор­бору Токмок ш-нан 35 км чыгыш тарапта. Кыш­так катары 1912-ж. пайда болгон. 1954-жылдан

Шаарчанын борбордук бөлүгү.

шаарча. Калкы 8,2 миң (2009). Т. ж. бекети. Шаарчада «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть ж-а газ» биргелешкен ишка­насы, о. эле а. ч. азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан ө. ж. ишканалары иштейт. Кесиптик-тех. окуу жайы, 3 орто ж-а муз. мектеп, бала бакча, бейтапка­на, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепка­на, 2 мад-т үйү, кинотеатр, мейманкана ж. б. бар. О. эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санит.-эпи­демиол. станция, соода түйүндөрү, турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресто­ран, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш-


та курман болгондорго ж-а Шабдан баатырга эстелик тургузулган.