КЕМЕР (суу жеп кеткен жээк): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМЕР – суу жеп кеткен жээк, жарча, аң гек. К. жаңы тектон. кыймылдардан, абразия (клиф) процесстеринен, эрозиядан (дарыя тектирлери) пайда болот. К. түрк ж-а иран тилдеринде тоо капталы, жантайма, урчук, жээк, жар, дөбө, тоо маанисин билдирет. Казакстанда оёң жерлерди жарым-жартылай курчап турган айрым дөңсөөлөр К. делет. Азербайжан, фарсы тилинде сүйлөгөндөрдө – кемер («тоо», «дөбө», «тоо кыры» маанисинде), тажик, өзбектерде «камар» деп аталат. К. (камар) топоними Тажикстанда (Камар, Камар- Булак, Ой-Камар, Кара-Камар ж. б.), Өзбекстанда, Азербайжанда, Түркияда, Иранда ж. б. кеңири таралган.