КЕМЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕМЕ</b> – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган | <b type='title'>КЕМЕ</b> – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган | ||
ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштар­ды (атайын | ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштар­ды (атайын техникалык, илимий, балык уулоо, ошондой эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17-кылымдарда түз парустуу ж-а үч же төрт мачталуу ка­йыктарды «кеме» деп аташкан. Алгачкы суу транс­порту катары болжол м-н 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ ж-а плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-кылымдын ортосуна чейин негизинен калактуу ж-а парустуу кемелер кеңири колдонулуп келген ж-а алар <i>пароход</i> м-н моторлуу (дизелдик) кемелерге алмаштырыл­ган. Сүзүү мүнөзү боюнча өзү жүрүүчү (теплоход, па- | ||
иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17- | |||
чейин негизинен калактуу ж-а парустуу | |||
[[File:КЕМЕ15.png | thumb | Жүк ташуучу «Андерсон Тайд» кемеси.]] | [[File:КЕМЕ15.png | thumb | Жүк ташуучу «Андерсон Тайд» кемеси.]] | ||
[[File:КЕМЕ16.png | thumb | «FEDERAL ELBE» балкери.]] | [[File:КЕМЕ16.png | thumb | «FEDERAL ELBE» балкери.]] | ||
роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыш­тырмалуу абалы | роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыш­тырмалуу абалы боюнча суу үстүндөгү ж-а суу ас­тындагы кеме, ошондой эле жарандык ж-а аскердик бо­луп бөлүнөт. Жарандык кемелер транспорт, кесип­тик, атайын кызмат аткаруучу, техникалык максатка арналган ж-а спорттук (катер, <i>яхта</i>, байдарка ж. б.) болуп айырмаланат. Транспорт кемелери жүр­гүнчүлөрдү ж-а ар кандай жүктөрдү ташыйт. Ке­сипчилик кеме балык ж-а кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу Кемелерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. Техникалык максаттагы кемелер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жу­муштарын аткарат. Эң чоң кемелер – танкерлер (узундугу 350 <i>м</i>ден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба кемелери), космоско учуучу түрдүү конструкция­дагы аппарат (к. <i type='ref'>Космос кемеси).</i> | ||
350 <i>м</i>ден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:22, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМЕ – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштарды (атайын техникалык, илимий, балык уулоо, ошондой эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17-кылымдарда түз парустуу ж-а үч же төрт мачталуу кайыктарды «кеме» деп аташкан. Алгачкы суу транспорту катары болжол м-н 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ ж-а плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-кылымдын ортосуна чейин негизинен калактуу ж-а парустуу кемелер кеңири колдонулуп келген ж-а алар пароход м-н моторлуу (дизелдик) кемелерге алмаштырылган. Сүзүү мүнөзү боюнча өзү жүрүүчү (теплоход, па-


роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыштырмалуу абалы боюнча суу үстүндөгү ж-а суу астындагы кеме, ошондой эле жарандык ж-а аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык кемелер транспорт, кесиптик, атайын кызмат аткаруучу, техникалык максатка арналган ж-а спорттук (катер, яхта, байдарка ж. б.) болуп айырмаланат. Транспорт кемелери жүргүнчүлөрдү ж-а ар кандай жүктөрдү ташыйт. Кесипчилик кеме балык ж-а кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу Кемелерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. Техникалык максаттагы кемелер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жумуштарын аткарат. Эң чоң кемелер – танкерлер (узундугу 350 мден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба кемелери), космоско учуучу түрдүү конструкциядагы аппарат (к. Космос кемеси).